Алмазбек Атамбаев:  Албек Ибраимовко карата тергөө калыс болоруна ишенбейм

Автор -

 «Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иштериндеги чындыкты жана мыйзамды тоготпоону көрүп  туруп, мен Албек Ибраимовко карата тергөө калыс болоруна ишенбейм», — деп билдирди КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын мэринин камакка алынышына түшүндүрмө берип жатып.

Албек Ибраимовду “Дастан” ТУКка көп миллиондуу кирешени, ал эми мамлекетке  — ишкананын тарыхында алгачкы жолу дивиденд алып келгени үчүн айыптап жатышканын дегеле түшүнүп болбойт.

Белгилей кетсек, бүгүн,19-июлда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары кармалды.