Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

Автор -

Ысык-Көл облусунда бүгүн, 30-июлда саат 03:59да магнитудасы 3кө жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер силкинүүлөрдүн очогу Барскоон айылынан 13 чакырым, Тамга айылынан 15 чакырым, Кажы-Сай айылынан 41 чакырым, Каракол шаарынан 76 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Ал эми Тамга, Барскоон айылдарында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.