Вице-премьер-министр Бишкек мэрлигине талапкер болуудан баш тартты

Автор -

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өзүнүн «Фейсбук» баракчасында калаа башчылыгына талапкер катары сунушталат деген маалымат боюнча расмий билдирүү таратты. Алтынай Өмүрбекова Бишкектин мэрлигине талапкер катары сунуштап жаткан жарандарга ыраазычылык билдирип, бирок өкмөттүн мүчөсү болуп ишин уланта берерин билдирди.

Билдирүүнү өзгөртүүсүз беребиз:

«Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу Бишкек шаарынын тургундары! Сиздерге чын дилимден мага ишеним көргөзгөндүгүңүздөр үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин колдооңуздар менин демиме-дем кошуп, мындан да эки эсе иштөөгө түрткү берди.

Мен кайсы кызматта болсом да, эл үчүн ак жана таза, берилүү менен сиздерди уят кылбай иштөөгө аракет кылып келем.

Өзүңүздөр билгендей, мага Кыргыз Республикасынын Президенти жана Парламент менен Премьер-министр тарабынан жогорку ишеним көргөзүлүп, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри болуп дайындалып, социалдык тармакты тейлеп жатканыма аз гана убакыт болду, бул жумушум да абдан жоопкерчиликтүү. Кызматта туруктуу болуп элдин ишеничин актасам деген оюм бар, ошондуктан Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер боло турган инсандарга ийгилик каалайм. Мен Өкмөт мүчөсү болуп, чогу келген командабыз менен ишимди улантсам деп ойлойм.

Мен ишенгим келет борбор калаабызга иш билген, шаардын маселесин билген, эң негизгиси шаардын жана анын тургундарынын маселесин чече алган инсан келет деп.

Дагы бир жолу мени колдогон тилектеш мекендештериме, жарандык коомдун өкүлдөрүнө, Бишкектиктерге рахматымды айтам, сиздерге абдан ыраазымын.»