Ош шаарында 31-августка чейин ишемби сайын концерт болот

Автор -

«Август айынан баштап Ош шаарында эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата ар ишемби сайын майрамдык иш-чаралар өтөт»,— деп билдирди Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, эс алуу бактарында Ош шаардык маданият башкармалыгы, музыкалык мектептер, балдардын чыгармачылык борборлору, театр кызматкерлери тарабынан концерттик, оюн-зоок программалар тартууланат. Ошондой эле дене тарбия жана спорт комитети мелдештерди уюштурат.

Майрамдык иш-чаралар 4-августта «Алымбек Датка» этнографиялык борборунда, 11-августта «Ата Түрк «, 18-августта «Раззаков» сейил бактарында, 25-августта «Жайкы сахна» подиумунда өтмөкчү.