Таалайбек Сарыбашев “Келечек” акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Автор -
238

Бүгүн, 1-августта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев эт азыктарын жана жемиштерди кайра иштеп чыгаруучу “Келечек” акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Мэр комбинатта жүрүп жаткан реконструкциялоо иштерин көрдү.

“Келечек” акционердик коомунун президенти Мадамин Эргешовдун айтымында, учурда комбинатта Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарын эске алуу менен техникалык базасын жакшыртуу иштери кызуу жүрүүдө, долбоор иштелип чыгып, өкмөткө жөнөтүлүп, насыяга каражат берилген. Бир айдын ичинде касапкана ишке берилип, андан соң 30дан 50 тоннага чейин эт азыктары иштетилип, колбаса, эт консервалары жасалып чыга тургандыгын кошумчалады. Малдарда талаптагыдай (адал) союлуп, санитардык абалы сакталат.

Ал эми 2012-жылдан тарта аталган заводдон жер жемиштердин, мөмө жемиштердин консервалары даярдалып, шербет жана вареньялар (консервация) жасалып, азыркы тапта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ошондой эле, акционердин жетекчилиги жылына 5 миң тонналык мөмө жана жер жемиш сактоочу логистикалык борборду ачуу үчүн инвестициялык долбоор даярдалгандыгын кошумчалап, анын суммасы 100 миң долларлык экендигин белгилеп өттү.

Жалпысынан “Келечек” акционердик коомунун планы үч багытта продукцияларды чыгарып, Евразия экономикалык биримдигинин талаптарынын негизинде экспорттоо болуп саналат.