Сарыбашов: Жаштардын долбоорлорун колдоого өзгөчө көңүл бурулат

Автор -
432

Ош шаарынын мэри кечээ 1-август шаардын активдүү жаштарын кабыл алды.

Жолугушуунун алкагында жаштарды ойлондурган  көйгөйлүү темаларды ортого салып,  шаардыктарга ыңгалуу шарттарды түзүп берүү үчүн атайын даярдалган добоорлордун алкагында сүйлөшүштү.

Шаар башчысы өз сөзүндө жаштар Кыргызстандын келечеги экендигин баса белгилеп, аларды кабыл алып, ар тараптан колдоого  Ош шаарынын мэриясынын эшиги ачык экендигин билдирди. Ошондой эле, жаштардын учурда коомдогу орду эбегейсиз зор экендигин кошумчалап, Ош шаарында жаштардын саясатын күчөтүп, демилгелерди көтөрүп чыгууга чакырды.

Жаш активисттер мындан ары ар тараптуу кызматташуу менен жаштардын көйгөлөрүн ортого салып, шаардын өсүп өнүгүүсүнө салым кошушаарын айтышты.