«Качканыма карабай ур-тепкиге алышты. Мен жалгыз, алап көп болчу. Анан аларды сүзүп кеттим. Күнөөлүмүн«, — деп билдирди Бекжан.
Окуя болгонго чейин Сарбишев кафелердин биринде карындашынын туулган күнүн белгилешкен. Карындашына тийишкен балдарга жинденип, ортодо жаңжал чыккан. Кийин күнөөкөр сыртка чыгып, ачуусуна тийген балдарды унаасы менен атайын сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 11 киши жаракат алган. Алардын 10у кыргызстандыктар. Алган жаракатынан улам 1 киши каза таап, дагы 4өө оор абалда жатат.
Белгилей кетсек, Москванын Кузьмин сотунун чечимине ылайык, Бекжан Сарбишев эки айга камалды.
Орусиялык телеканалдарда берилген маалымат боюнча ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.