Баткен районунда айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып, сайга түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 16-сентябрда саат 11:13тө Баткен шаарынын Тамаша-Жай тилкесинде болгон. Анда «Фольксваген Гольф 2» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып, сайга түшүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1953-жылы туулган А.У. каза болгон.
КР ӨКМнин РӨКОнун №3 өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары унааны жолго чыгарып беришкен.