Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева экинчи наристесин жарыкка алып келди. Бул тууралуу «super.kg» Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна шилтеме берип жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Шагиева бүгүн, 21-ноябрда кыз төрөгөн. Буга чейин Шагиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына кош бойлуу экенин жарыялаган.
Алия Шагиева жана жолдошу 2017-жылы март айында Таир аттуу уулдуу болушкан.
2016-жылдын август айында өлкөнүн ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева Константин Рязановго турмушка чыкканы белгилүү болгон. Эки жаштын үлпөт тою көптөгөн кызуу талкуууларды жараткан, анда элдин көңүлүн президенттин күйөө баласы катардагы эле программист экени бурган. Ошондой эле ал эч кандай үлпөт той өткөрбөгөнүн жөн гана Бакыт өргөөсүнө барып никеге турганын жана жакын достору менен чакан майрам өткөргөнүн жазган.