Аялды жылаңач чечинүүгө мажбурлаган милиция кызматкери 6,5 жылга соттолду

Автор -

21-ноябрда Самарканд облустук соту Катакурган шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы кызматкери Санат Умаровду алты жарым жылга эркинен ажыратты. Ал жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өтөйт.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, сот 30 жаштагы Умаровду кызмат абалын кыянат пайдалануу, адамды кемсинтүү жана атайылап кылмышты каттоого албоо беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.

Быйыл 3-июнда Санат Умаров баштаган милиция кызматкерлери Каттакурган шаардык милиция бөлүмүнө базарда акча уурдоого шектелген эки аялды алып барышкан. Андан соң аларды жылаңачтап чечиндирип, уурдалган акчаны издеп, кол көтөрүп, кемсинтишкен. Мунун баары видеого тартылган. Эч нерсе табылбагандан кийин, аялдардын кармалгандыгы тууралуу тиешелүү документтерди толтурбастан эле коё беришкен.

Санат Умаров кармалган аялдарды жылаңач чечинтүү менен аларды кемсинткенин мойнуна алып, кечирим сураганын билдирген.

Кийинчерээк Каттакурган шаардык акимчилиги жабырлануучу аялдын үйүн оңдоп берген. Ал эки кичинекей баласы менен айылдын четинде жакыр жашаган. Күйөөсү бир нече жыл мурда оорудан улам каза болуп калган.