Кыргызстандык бильярдчы Дастан Лепшаков Россиядагы дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи

Автор -
214

Кыргызстандык бильярдчы Дастан Лепшаков Россияда өткөн бильярд боюнча дүйнө биринчилигинде үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу «Кабар» агентиги “Дуплет” сайтына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мелдеш 28-ноябрда Тюмень шаарында бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча өткөн.

Лепшаков россиялык спортчу Виталий Вершков, Олег Еркулевду, Беларусь спортчусу Валерий Чижовду жана мекендеши Азиз Мадаминовду жеңген. Жарым финалдык беттеште россиялык Артем Баловго утулуп калган.

Жыйынтыгында кыргызстандык спортчу менен россиялык Семен Зайцев үчүнчү орунга илинишкен.