Абылгазиев Казакстан Республикасынын Премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Автор -
205

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү орун алды, — деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле кеңири чөйрөдөгү маселелер, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы өз-ара аракеттешүүнү активдештирүүнүн келечеги талкууланды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды өз учурунда четтетүүгө байланыштуу келип чыккан маселелерди биргеликте натыйжалуу чечүү үчүн мындан ары карай эки тараптуу тыгыз аракеттешүүнү жөнгө салуу зарылдыгын белгилешти.