Сабиров: Өкмөт жаш балдарды кызматка алып келип, анан жок күнөөнү мойнуна илесиӊер

Автор -

Бүгүн, 24- январда Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Максат Сабиров  Өкмөттүн ишин сынга алды.

«Өкмөт ушундай жаш балдарды кызматка алып келип, анан жок күнөөнү баарынын мойнуна илесиӊер. Жол тармагында бир күн иштебеген бала транспорттук «мафияны» билип, үйрөнүп чыкканча бир жыл өтөт. Эмне бизде иштеп жүргөн балдар жокпу?» ,-деди Сабиров.

Кубатбек Боронов ; «Бул жигит ал тармактага окуган. Качандыр бир күн ишин башташ керек»,-деп жооп берди.

Учурда Жогорку Кеңештин жыйынында Транспорт жана жолдор министринин кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлиги каралып жатат.