ЖКда аймактарды өнүктүрүүгө каражат тартыштыгы боюнча маселелер көтөрүлдү

Автор -

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында аймактарды өнүктүрүү, жазгы айдап-себүү иштери, таза суу, арзан-турак жайга жетүү мүмкүнчүлүгү сыяктуу көйгөйлөр айтылды.

Депутат Жыргалбек Турускулов өлкө аймагындагы айыл өкмөттөрдүн мойнунда мектептер, ФАПтар, социалдык төлөмдөр сыяктуу бир катар түйшүктөр бар экенин айтып, регионду өнүктүрүүгө келгенде каражат тартыштыгына туш болоруна токтолду.

Аймактарды өнүктүрүү маселесин улаган депутат Дастан Бекешев Ак-Талаа районундагы Ак-Чий, Жаӊы-Тилек айылдарындагы бала бакча, ФАП, клуб, турак жай курууга жер тилкесин трансформациялоо маселелерин тизмектеди. «Бул иштерди аткаруу үчүн салыктардын көбүн айыл жергесине калтырууга барбасак, айылдарда өнүгүү болбойт»,- дейт эл өкүлү.

 «Быйыл Сузак районунун 100 жылдыгы, андыктан, республикалык бюджеттин алкагында пландалган иштер аягына чыгарылса»,— деген депутат Калдарбек Баймуратов аталган райондун жер көчкү жүргөн айылдарында турак-жай курууга жер тилкесин трансформациялоо маселесине дагы токтолду.

Депутат Аида Касымалиева Өкмөттө жазгы талаачылык иштерине эмне даярдыктар көрүлүп жаткандыгына кызыгып, дыйкандар менен фермелерге жеӊилдетилген кредит эмне үчүн кечиктирилип жатат деген маселени койду.

Жазгы талаачылыкка Өкмөттүн даярдыгын кандай экенине депутат Өмүрбек Бакиров дагы кызыкты. Депутат «Кыштын камын жазда көр» деп, февраль айынын башында аткаруу бийлигинин жазгы айдап-себүү иштерине даярдыгы боюнча маалымат угууну сунуш кылып, 60%ы айыл чарбасы менен алектенген элге кол кабыш кылалы дейт.

Депутат Айнуру Алтыбаева Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаары жана «Кара-Суу» базары боюнча маселе көтөрүп, шаар мэриясына экскаватор жана таштанды челектерин алууга көмөктөшүү зарылдыгын белгиледи.

«Арзан туракжай» программасын ишке ашырууда карама-каршылыктар бар» деген депутат Карамат Орозова социалдык кызматкерлер үчүн бул программанын оор шарттарына токтолду. Маселен, 9%дык насыя ала турган болсо, алгачкы төлөм туракжайдын жалпы баасынын  30% чейин, 8%дык насыя ала турган болсо, алгачкы төлөм туракжайдын жалпы баасынын 30%ы, 7%дык насыя ала турган болсо, алгачкы төлөм туракжайдын жалпы баасынын 30%дан жогору бергендерге берилери шартталган. «Мында болжол менен 25 миӊ АКШ доллары турган үйдү 15 жыл ичинде 44 миӊ АКШ доллары менен төлөп берет экен. Ошондой эле насыя алам деген жарандын аялы же күйөөсүнүн экөөнүн теӊ турак үйү болбошу керек деген шарты да туура эмес»,- дейт эл өкүлү.

«Токтогул районунун Жаӊы-Жол, Арал, Кара-Суу айылдарында 25 жылдан бери таза суу чечилбей келет»,- дейт депутат Нурбек Тотонов.