Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан мүшөккө салынган буюмдар табылды

Автор -
214

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, “Түштүк – Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айлында “Достук” өткөрмө пунктунан 200 метр алыстыкта, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын бөлүп турган тосмо зымдын түбүнөн мүшөкө салынган х/б дан жасалган футболкалар,  фартуктар табылган.

Аталган товарлар Өзбекстандан ЕАЭБтин бажы аймагына белгисиз адамдар тарабынан алынып өткөн, кармалган товардын наркы 500 000 сомдон жогору.

Бул факт Маалыматтарды каттоо журналына катталып, чогултулган материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.