Кыргызстандын жөө күлүктөрү эл аралык мелдешке катышат

Автор -

Кыргызстандын жөө күлүктөрү эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

«Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2019-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык КР жеңил атлетика   боюнча уландар арасында курама кошуундун мүчөлөрү жеңил атлетика боюнча 2002-2003-жылы туулган өспүрүмдөр арасында Борбор Азиянын мамлекеттеринин эл аралык мелдешине катышат»,-деп айтылат маалыматта.

Мелдеш 2-марттан 3-мартка чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт. Спортчулар 28-февралдан 4-мартка чейин Ташкент шаарына жөнөтүлдү.

Мелдешке катышуучу спортчулардын тизмеси:

 

ААА Туулган жылы Спорттук наамы
1 Световой Давид 2003 II разраяд
2 Бойчоров Артур 2002 II разраяд
3 Оптов Никита 2002 II разраяд
4 Сарбагишев Адэн 2002 II разраяд
5 Данияр уулу Замир 2002 I разраяд
6 Нукешов Таштынбек 2002 I разраяд
7 Касыгулов Тилек 2003 I разраяд
8 Федотова Анна 2002 II разраяд
9 Корчемкина Рита 2002 I разраяд
10 Абылнасимова Элнура 2003 I разраяд
11 Каплунова Юлия 2002 I разраяд
12 Тазабекова Чолпон 2003 I разраяд
13 Батманова Сара 2002 I разраяд
14 Батаджиева Сабина 2002 I разраяд
15 Токтобаев Тимур Машыктыруучу
16 Сыргакбеков Айбек Ага машыктыруучу

 

Курама кошуундун мүчөлөрү Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 32 миң сом каралган.