Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып жаткан сегиз адамдын соттук иши белгисиз мөөнөткө жылды.
Буга адвокаттардын «ЖЭБди модернизациялоодо мамлекет 111 миллион доллар зыян тарткан» деген экспертизанын корутундусу боюнча Бишкек шаардык сотуна даттануусу себеп болгон. Буга чейин Свердлов райондук соту адвокаттардын аталган корутундуну далилдердин катарынан алып салуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган эмес.
[ads-quote-center cite=’деп билдирди Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев.’]»Качан тергөөчү экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарганда аны менен айыпталуучу тарап, анын жактоочуларын тааныштырыш керек. Айыпталуучу тарап өздөрүнүн суроолорун кошо алат, эксперттик топко ишенбестик көргөзө алат же өзүнүн эксперттерин кошо алат. Тергөөчү экспертиза өтүп, корутунду даяр болгондо тааныштырып жатпайбы», [/ads-quote-center]Свердлов райондук соту бүгүн ишти кароого өтүшү керек болчу.
Буга чейин УКМК тергөө учурунда Сапар Исаков баштаган бир катар кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен мурдатан билип туруп Кытайдын ТВЕА компаниясы менен пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке 111 миллион 252 миң 797 доллар зыян келтиргени аныкталганын билдирген.
Аталган ишти Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитип, 13-февралда сотко өткөрүп берген. Анда мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдон башка жети кишиге: мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевге, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровго, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовго, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго жана мурдагы финансы министри Ольга Лавровага айып коюлган.
Кармалгандар өздөрүнө тагылган айыптарды төгүндөп келе жатышат.
Бишкек ЖЭБинин айланасында мындан сырткары дагы төрт кылмыш иши бар. Анын бири боюнча райондук соттун чечими чыккан.