Муфтият тармактык маркетинг, пластикалык операция жана эмдөө боюнча чечим чыгарды

Автор -
618

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши 5-апрелде үч фатва (чечим) чыгарды.

Муфтияттын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, №5 фатва менен шариаттын эрежелерине карама-каршы келгендигинен улам тармактык маркетингге тыюу салынды.

Ал эми №6 фатва менен ден соолукка байланышы жок пластикалык операцияларды жасоого да тыюу салынды.

[ads-quote-center cite=’деп жазылат фатвада.’]«Тубаса майыптыкты же ар кандай кырсыктардын кесепетинен ‎болгон дененин же дене мүчөлөрүнүн кемчиликтерин жоюу максатында жасалган ‎пластикалык операцияга шариатта жол берилет.‎ Ал эми эч кандай жүйөлүү себеби жок туруп, сулуулук ‎үчүн гана жасалган пластикалык операцияга шариатта тыюу салынган ‎жана арам деп эсептелет»[/ads-quote-center]

Аалымдар кеңеши №8 фатва менен муфтият «эмдөө боюнча ар тараптуу пикирлер болгондугу себептүү эмдөө ар бир адамдын өз ыктыярында калуусун жактады».