Бишкектин айрым аймактарында 23-апрелде эртең мененки саат 09:00дөн 18:00гө чейин таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, таза суу «Батыш-2» суу кампасында аткарыла турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.
Суу өчүрүлүүчү аймактардын тизмеси:
- Фучик, Фрунзе көчөлөрү жана Манас проспектиси менен чектешкен аймак;
- №31, 13, 8, 2 орто мектептери;
- №№ 8, 22, 72, 164, 165, 167 бала бакчалары;
- Калык Акиев көчөсүндөгү №73 бала бакча;
- №3 бала бакча;
- «Балдарды коргоо» борбору;
- «Арпа» ААКы;
- «Ош» базары;
- «Берекет Гранд»;
- «Берекет Универсал» соода комплекстери;
- «Берекет»;
- «Берекет» ЖЧКсы;
- Улуттук илимдер академиясы;
- Улуттук банк;
- №2 төрөткана;
- Бишкек троллейбус башкармалыгы;
- №1 шаардык клиникалык оорукана;
- Некрасов көчөсүндөгү «Бишкекункомбинаты» ААКы;
- ВЧ-4 УГПС;
- Ленин райондук администрациясы;
- УПП-2 ОСиГ;
- Бишкек финансы-экономикалык академиясы;
- «Кыял» бирикмеси;
- Кыргызстан эл аралык университети;
- Батыш РЭС;
- Жаш Гвардия бульварындагы Республикалык радиотелеборбор;
- Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин медицина факультети;
- Ленин райондук соту;
- №100 лицейи;
- Бөкөнбаев көчөсүндөгү Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргыз энциклопедиясы;
- «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы;
- №2 стоматология.