Бишкекте уран казууга каршы митинг өтүп жатат (видео)

Автор -

Бишкектин Ала-Тоо аянтында уран кенин казууга каршы митинг өтүп жатат. Аны «Жашылдар» партиясы уюштурган. Митингге болжол менен 20дай киши чыккан.

Буга чейин Биринчи май райондук соту митингди уюштуруп жаткан «Жашылдар» партиясына уран кенине байланыштуу нааразылык акциясын Ала-Тоо аянтына өткөрүүгө уруксат бербей койгон.

Сот 30-апрель күнү Ала-Тоо аянтында башка иш-чара өткөрүлөөрүн жүйө кылып, «Жашылдар» партиясына Горький гүлбагында акция өткөрүүнү сунуш кылган. Бирок партиянын лидери Эркин Бөлөкбаев тыюуга карабай Ала-Тоо аянтына акция өткөрүү пландалып жатканын маалымдаган.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 25-апрелде Тоң районунун тургундары менен жолугушкан учурда Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынганын айткан. 22-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин иши убактылуу токтотулган.