— Кундуз айым, 8-июнда «Форумда» ѳткѳн митингде Алмазбек Атамбаев бийликке карата бир топ айыптоолорун айтып, элди ойгонууга чакырды. Ѳлкѳдѳ абал оң жагына ѳзгѳрбѳсѳ, «Сооронбай, кет!» деп чыга турганын билдирди. Мага бул кѳрүнүш 2010-жылга чейинки Бакиев бийлигине каршы аттангандагыдай, тѳңкѳрүшкѳ даярдангандай сезилип атат… Кандай дейсиз, тарых кайталанабы?
-Аслан мырза, ошол 2009-жылдагы кырдаалды, ошондогу элдин маанайын сиз жакшы билсеңиз керек, саясатта, болгондо да оппозициянын катарында жүрдүңүз дегендей. Эгер сизде ушундай ойлор пайда болуп жатса, анда балким, бийлик чынында эле ойлоно турчу кырдаалды түзгѳндүр… Мен сиз менен болгон Буга чейинки маектеримде да «революцияны бийлик ѳзү кылат» деп айтып келгeм. «Бийлик элди ошол кырдаалга ѳзү жеткирет» дегем. Ал эми биздин иш-аракеттерибиз мыйзам чегинде гана болот. Митингде кабыл алынган резолюцияда жүйѳлүү талаптар гана айтылды. Чындыгында коомчулук күбѳ болуп жатпайбы,укук коргоо органдары ѳз ишинде аша чаап кетип жатат. Адам укугу дегeн түшүнүктү жокко чыгарып салгандай эле кырдаал жаралды. Бул абдан кооптуу жагдай. Минтип отурсак, эртең мамлекетибиздин бүтүндүгүнѳ доо кетип, кайра кайткыс чекке бат эле жетип калышыбыз мүмкүн. Бул Кыргызстанды жоготуп алуу коркунучу. Албетте, айрымдарга экс-президент тарабынан айтылган сын пикирлер жеке таарыныч катары кѳрүнүп жатса керек, бирок учурда «Форум» гана бийликке ачуу чындыкты бетке айтып, саясый күрѳштү жүргүзүп жатат. Келиңиз, элестетип кѳрѳлүчү,эртең ѳлкѳдѳ оппозиция жок болсо, айда Кыргызстанды кандай тагдыр күтүп турат? Ѳлкѳдѳ тең салмактуулукту сактап туруу үчүн оппозиция сѳзсүз керек. Бийлик элдин үнүн таптакыр укпай, тоготпой калган күн келсе, анда Кыргызстанды «демократиялуу, эркин мамлекет» деп атоого абдан эле кыйын болуп калат.
— Эгер Атамбаев камакка алынса, кандай кадамдарга барасыздар? Азырынча бийлик тарабынан ушундай аракеттер кѳрүлүп атканын байкап атабыз да…
— Атамбаевди камай алышпайт. Ага негиз да жок, бийликтин духу да жетпейт. Эгер бийлик андай радикалдуу кадамдарга бара турган болсо, ѳзү кыйроого учурай турган күндү жакындатат. Бул орусча айтканда, «начало конца» деген болот. Албетте, бизге жеткен маалыматтарга караганда, президенттин айланасындагы айрым топтор ажону ушундай жол менен кетүүгѳ үндѳп жатышат. Ошол эле учурда башка бир топтор мындай кадамдардын кесепети бийликтин ѳзү үчүн жаман болорун айтышууда. Атамбаев жѳнжай жүргѳн катардагы адам эмес, экс-президент деген макамы бар. Жаманбы-жакшыбы, ал ѳлкѳнү алты жыл башкарып, Буга чейин бир да президент кылбаган ири долбоорлорду ишке ашырды, ѳлкѳгѳ колунан келишинче иштеп берди. Анан эле ал кишини алып барып камап койгудай, биз колхоздун койлору эмеспиз да. Ошондуктан, бийлик экс-президент менен тирешүүнү токтотуп, кылып жаткан ишинен, барып жаткан кадамдарынан жыйынтык чыгарышы керек.
— Сиз баштаган медиа чабуулчулар бийликти маалыматтык согуштан утуп атканын эксперттер айтышууда. Бул дагы чек болбосо керек, дагы кандай компроматтарды чыгарасыздар?
— Биздин таянганыбыз компромат эмес, чындык, ал кайсы тарапта болсо, утуш да ошол жакта. Экинчиден, компроматты чыгарчу биз эмес. Андайлар Акүйдүн ѳзүнѳн чыгып кетип жатат го… Президенттин айланасында мен жогоруда айтып ѳткѳн ар кыл топтор, «бозмолтой кардиналдар» бар. Тымызын кармашуу мына ошолордун ортосунда болуп жаткандай таасир калтырат. «Бир ок менен эки коёнду атып алуу» тактикасын колдонууга аракет кылып жатышат. Мисалы, «Азаттыктын» чуулгандуу иликтѳѳсүн да «Форумга», тагыраак айтканда, жеке мага жабыштырышты. Банктык которуулар туурасындагы маалыматты атайын кызматтар же органдар гана бербесе, ал «Форумдун» же менин колумдан келе турган иш эмес.
— КСДПнын мындан аркы тагдыры кандай болчудай? Коомчулук муну азырынча түшүнбѳй турат. Эки КСДП иш-аракеттерин улантууда. Кайсы тарабы мыйзамдуу? Саясый талаада юридикалык жагынан такташууларга чекит коюлабы?
— 7-июнь күнү Биринчи Май райондук сотунун судьясы берген аныктамасында «Сагынбек Абдрахманов мыйзамдуу шайланган КСДПнын терагасы» деп жазылып жүрѳт. Муну кандайча түшүнсѳ болот? Судья мындай аныктаманы эмненин негизинде берип жатат? Же соттук териштирүү болбосо, документтер, мѳѳр баары бизде турса. Демек, анын «Сагынды мыйзамдуу шайланган» деп таанып жатышы — ал жогору жактан түшкѳн буйрукту аткарып жатканын түшүнүү керек. Биздин партия атайын тартип комиссиясына кайрылат. Судянын мыйзамсыз иш-аракеттерине баа берилип, сѳзсүз чара кѳрүлүшү керек. Бир сѳз менен айтканда, КСДП-ны саясый рейдерлик жолу менен тартып алууга бийликтин баардык бутактары колкабыш кылууда. Бирок аларга эртедир-кечтир мыйзамды таман астына тепсегендери, саясый буюртманы аткаргандыгы үчүн жооп берүүгѳ туура келет. Анткени алар бир адамга же бир ууч топко эмес, элге, коомго кызмат кылуу үчүн коюлганын эстерине сала кетким келет.
— Атамбаевди сатпагандар камалып, айрымдары суракка алынып келатат. Сизди да чукулап, кысымга алгандар болуп атабы?
— Мага карата «психологиялык басым» деп коюшат эмеспи, ошондой аракеттер болуп жатат. Аңдууларды атайылап «сенин ар бир кадамың бизге белгилүү» деген мааниде жасап жатышканын билип эле турам. Жадагалса мен туулуп ѳскѳн Ак-Талаа районунун Баетов айылына чейин барып, маалымат чогултуп келишиптир. Аны мага ѳздүк булактар айтышты. Жакында эле шантаж кылып, туугандарды да ортого салып кѳрүштү. Бул, албетте, туура эмес, «саксактап кайтарып» жүргѳндѳргѳ менин айтаарым бул: ѳзүңѳрдүн ыплас оюндарыңарга менин жакындарымды, тууган, дос, жоро-жолдошторумду аралаштырбагыла! Алар менен болгон ортодогу мамилени бузбагыла. Мындай аракеттер менин позициямды ѳзгѳрткѳнгѳ баары бир таасирин тийгизе албайт. Менин болгон-турган кыялым ушундай — бир айтсам, андан артка кайтпайм. Жаш саясаятчы катары менин так миссиям бар — бул Кыргызстанда системанын реформасын ишке ашыруу. Чириген системаны ким түп-тамырынан ѳзгѳртѳ алат? Муну ошол системанын «жыргалын татып», үзүрүн кѳрбѳгѳн жаңы муун гана ишке ашыра алат. Ошондуктан алдыга койгон максатка умтулган жолдо мен учурда оппозициянын катарында такшалып жатам десем болот.
Булак: «АЗИЯnews» гезити.№23 (310).13-июнь,2019-жыл.