— Каныбек агай, саясатчылардын дейбизби же саясий элита дейбизби, акыркы мезгилде экс-президент Алмазбек Атамбаевди убагында айга-күнгѳ теңеп, колунан сыйлык алып жүргѳндѳр, жакшылыгын ченебей кѳргѳндѳрдүн кѳбү 180 градуска ѳзгѳрүп, ага доомат коюп, ачык эле сындай башташты. Бул симптом эмнеден кабар берет?
— Бул кѳрүнүш мага айла кеткендеги абалдай сезилип жатат. Биздин айрым депутаттардын буга чейинки эле карманган позициялары абдан опурталдуу, абдан ишеничсиз болчу. Эки күндѳн бери мурдагы терс жактарын кескин түрдѳ күчѳтүп, дагы ѳзгѳртүшкѳнүнѳ күбѳ болдук. Азыртадан мындай адамдарга туура баа бербесек, алардын кесепетин тартып калабыз. Анткени саясатчылардын мындай кубулма, жылма саясаты мамлекеттин келечегине кесепетин тийгизет. Башкача айтканда, мындай симптом мамлекеттин келечегине абдан опурталдуу, коркунучтуу жагдайды жаратышы мүмкүн. Бүгүн Атамбаевди парламент трибунасынан каралап, сындап, жамандап жаткандар учурунда Атамбаевдин кѳп эле жакшылыгын кѳрүп, ал кишинин жардамы менен депутат болуп, анын жетекчилиги менен министр болушкан. Башкача айтканда, майлуу-сүттүү кызматтарга Атамбаевдин аркасы менен жетишкен. Эми ал күндѳрүн унутуп, теңирден тескери сѳздѳрдү сүйлѳп жатышат. Менимче, алардын Атамбаевди жамандап, азыркы бийликке жагабыз деген аракети официалдуу бийликке деле жакпаса керек. Алар деле жагымсыз жагдай катары карап жатышат го. Ошон үчүн элди иренжиткен мындай адатты токтотуш керек. Башкасын билбейм. Атамбаевден жакшылык кѳргѳн депутаттар аны жамандашса, анын азабын тарткан менин оозумдан келмем түшүп, кѳр дүйнѳ деген ушул экен деп таң калып отуруп калдым.
— Кыргыз саясатчылар кошоматчылыкты туу тутуп алышты. Саясатчылар кошоматчы болбосо, коомдо ордун жоготуп коёбу?
— Мындай терс кѳрүнүш акыркы мезгилде адат болуп калыптанып баратканын кѳптѳр айтып жатышат. Мен да аларга кошулам. Кошоматсыз деле саясатта, башка тармакта деле ийгиликке жетесиң. Эл арасынан да, башка жактан да татыктуу ордуңду табасың деп айтат элем. Бирок кызматтан бат кѳтѳрүлүш үчүн жогору жактын кѳзүнѳ кѳрүнүп, колдоосуна татыш үчүн кээде саясатчылар ушундай жолду тандап алышканы ѳкүндүрѳт. Эгерде биз мамлекеттин келечегин ойлоп жакшы жолго сала турган болсок, мындай адаттардан арылышыбыз керек. Болбосо азыркы депутатардын адаты, кубулма позициясы, мамлекетке пайда эмес, зыян гана алып келет
— Мындай кѳз караштагы саясатчылардан, эки жүздүү, кошоматчы депутаттардан кантип арылсак болот?
— Бул жаман адатты Сооронбай Шарипович ѳзү токтотпосо болбой калды. Президент позициясы жок, күнкарамалардан оолак болушу керек. Менимче, Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы мындан ары жаратман иштерди жасай албай калды окшойт. Башкача айтканда, парламент эл иренжиген терс кѳрүнүштѳрдүн чордонуна айланып калды. Ошондуктан азыркы президент буларга кандайдыр бир маанилүү маселени ишке ашырууга ѳбѳк болот деп ишеним артпашы керек.
— Депутаттарды элита деп эсептесек болобу?
— Саясий элита дейбиз. Чынында элита дегенге биринчиден, эл ѳзү баа бериши керек. Мисалы, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Тѳрѳкул Айтматовдордун канча жыл ѳткѳндѳн кийин элита экени айтылып жатат. Азыр депутат болсо эле ѳздѳрүн элита сезгендери туура эмес. Чынында азыркы расмий бийлик жалаң кошоматчылардан куралган. Эгер бул армия менен 2020-жылкы шайлоого бара турган болсо, анда биздин шорубуз бар эл экенбиз дей бергиле. Мен ошол кошоматчылардан куралган армиядан кооптонуп жатам.
— Агай, Кыргызстанды 35 мандатка бѳлүп, олигархтар сатып алганы калды деген ойду да айттыңыз эле?
— Жогорку Кеңештин эгемендүүлүктү алган күндѳн берки тарыхын терең изилдеп отуруп ушул тыянакка келдим. Эсиңердеби, Акаевдин учурундагы Мыйзам чыгаруу палатасынын 35 депутаты кандай иштегенин? Ѳзүнчѳ эле фарс болбоду беле? Ар бир депутатты «шефке алып коюшкан» болчу. Албетте, 10го жакыны баш беришкен эмес. Бирок алар тиги «калпактын астындагы» депутаттарга ар дайым эле утулуп басып жүрүшчү. Анткени азчылыкты түзүшчү. Кѳптѳгѳн элге зыянын тийгизген мыйзамдар, токтомдор ж.б. документтер так ошол учурларда кабыл алынган. Аткаруу бийлиги кадимкидей чардап, кутуруп кеткен. Натыйжасы эмне болду? Баарыбызга белгилүү! Азыр ошону эле ЖК менен аткаруу бийлигиндеги катачылыкты кѳп жылдан бери отургандар кайталаганы турушат. Алардын кѳбү акыркы жылдары эбегейсиз байыгандар. ЖКнын VI чакырылышында ѳтѳ начар иштегендерине азыр эл катуу баа берип койгону турат. Ошондуктан аларда бир гана жол калды. Депутаттардын санын кескин кыскартып, акчага сатып алуу. Бюджетти экономия кылуунун башка мыйзамдуу жолдору бар. Ал ЖК-нын ѳздүк бюджетин кескин кыскартуу. Депутаттын айлыгын мугалим менен врачтын орточо айлыктарына теңеп, бардык артыкчылыктарды алып салуу ж.б. Азыр ЖКда мыйзамды ѳзгѳртүү боюнча жан талашкан аракеттер болуп жатат. Элдин кыжырын келтирген иштерди жасай беришсинчи анан кѳрѳбүз!
Булак: «Fabula.kg». 14-июнь, 2019-жыл.