Беларусияда өткөн жеңил атлеттер арасындагы биринчиликте кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Маслова 5 миң метр аралыкта чуркап, 15:55.59 убактысында биринчи маарага келген.
Ошондой эле, кыргызстандык Мусулман Жоломанов 1500 метр аралыкта жүгүрүп, 2-орунду багынтты. Анын убактысы – 3:49.53.