Алмазбек Атамбаев 22-июль күнү тарапташтары менен жолугушуу учурунда Орусияга шаршемби күнү барышы мүмкүн экенин айтканын «Азаттык» жазып чыкты. Бирок кимдердин чакыруусу менен барарын ачык айткан жок.
[ads-quote-center cite=’деди Алмазбек Атамбаев.’]“Бүгүн дүйшөмбү, балким шаршембиде кетем. Кайсы жактан, кантип кетем чакырып жаткан тарап чечет. Эки күнгө барып келем”[/ads-quote-center]27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.
Буга чейин ИИМ үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан. 22-июль күнү Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барган.
Мурдагы президенттин тарапкерлери аны суракка чакырууну саясий куугунтук деп, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө “элдик штаб” түзүп, топтолуп турушат.