Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн болжол менен саат 14:00дө кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу вице-спикер Аида Касымалиев өзүнүн твиттердеги баракчасына жазып чыкты.
Учурда 30 кол чогулган.
https://twitter.com/a_kasymalieva/status/1159313111750533120
Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Кой-Ташта экс-президент Алмазбек Атамбаевди мажбурлап кармап кетүү аракетин көргөн. Бирок Атамбаевдин тарапташтары аларга андай мүмкүнчүлүк берген жок. Түнкү саат 2:00дөрдө ИИМ жетекчисинин орун басары Курсан Асанов депутат Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова жана саясатчы Равшан Жээнбековдор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Саат 3:00 чамасында спецназ Атамбаевдин үйүнөн чыгып кетти.
































