Экс-президент мөөнөтсүз митинг башталганын билдирди (Видео)

Автор -
221

Бүгүн, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ЖМКга кайрылуу жасады.

Анын айтымына караганда, саат 16:00дө Атамбаевдин тарапташтары «Форум» ишканасынын алдына чогулат. Экс-президент мөөнөтсүз митинг башталганын билдирди.

[ads-quote-center cite=’дейт Атамбаев.’]«Тарапташтарымдын жарымы «Форум» шканасында чогулууну пландаса, жарымы Ак үйгө барарын айтып жатышат. Бирок биз алгач «Форумга» барып, андан ары Ак үйгө өтөбүз» [/ads-quote-center]

7-августта Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышты.