Мирзиёев блогерлерди колдоого алат

Автор -

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-августта «Шарк Тароналари» деп аталган эл аралык музыкалык фестивалга катышуу үчүн келген жергиликтүү жана чет элдик блогерлер менен жолукту. Өзбек блогерлери менен сүйлөшкөн президент аларды дайыма колдой турганын белгиледи.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Мирзиёев мындан тышкары журналисттердин суроолоруна жооп берип, өлкөдө ачыктык саясаты улантыларын айтты.

[ads-quote-center cite=’  деди мамлекет башчы.’]«Акыркы жылдары Өзбекстан дүйнөгө эшигин ачып, эл аралык коомчулукка бардык чындыкты жеткирүүнү каалап жатат. Эң башкысы талкуулап, сынга алууга болот»[/ads-quote-center]

26-августта Шавкат Мирзиёев Самаркандда өткөн «Шарк тароналари» февтивалынын ачылышына катышкан. Быйыл бул иш-чарага дүйнөнүн 75 өлкөсүнөн 340 катышуучу келди.