Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Кизирик районундагы бир нече мектептин мугалимдери китеп ижарасы үчүн айлыктарынан 100 миң сумдан (10 доллар) кармалып жатканын билдиришти.
Алардын айтымында, мындай буйрук Кизирик райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан мектеп директорлоруна «оозеки» түрдө берилген.
[ads-quote-center cite=’деди райондогу мугалимдердин бири.’]«Директорлор 100 миң сумдан кармап калууга макул экендигибиз тууралуу кагазга кол койдуруп алып жатышат. Кол коюудан баш тарткандарга август айынын айлыгы берилбей турганы айтылууда»[/ads-quote-center]Ал кошумчалагандай, мектеп жетекчилери мугалимдердин акчасы кийин ата-энелер китеп ижарасына чогулткан каражаттан кайтарылып бериле турганын билдирип жатышат.
Өз кезегинде Кизирик райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Хушмурод Мухаммадиев китеп ижарасы үчүн мугалимдерден акча чогултулуп жатканын четке какты.
Буга чейин өлкөнүн Элдик билим берүү министрлиги 2019-2020-окуу жылы үчүн китептердин ижара акысы жогорулаганын билдирген. Мекеме муну китеп басып чыгаруу жана жеткирүү чыгымдарынын көбөйгөндүгү менен түшүндүргөн.