Жайыл районунда кечээ, саат 12:25де Орто-Суу айылынын Ниссан-Сефиро унаасынын айдоочусу рулду башкаралбай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 2003-жылы туулган К.Т. жана 2012-жылы туулган А.А. аттуу жаш балдар каза болгон, ал эми 2002-жылы туулган А. уулу А. жабыркап Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.
ӨКМдин куткаруучулар каза болгондорду унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.