Бүгүн, 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 127 Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-сентябрдагы ПЖ № 128 Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Чүй облусунун Жайыл райондук сотуна Саадабаева Чынара Муратбековна менен Усакпаева Гүлзат Каныбековна, Чүй облусунун Москва райондук сотуна Дубанаев Кубатбек Султанмуратович, Чүй облусунун Панфилов райондук сотуна Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна, Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна Кулмурзаев Манасбек Каримович менен Самаков Нурмат Талантбекович, Чүй облусунун Токмок шаардык сотуна Абдырахманов Урматбек Аманович, Чүй облусунун Чүй райондук сотуна Шаршеева Алтынай Чубаковна, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотуна Тажибаев Нурбек Рашидович жиберилди» [/ads-quote-center]Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Каныбек Бокоев жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.