Курсан Асанов Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча сотто көрсөтмө берди

Автор -
239

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Биринчи Май райондук сотуна Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбө катары чакырылды. Бул тууралуу «Спутник» агенттиги жазып чыкты.

Текебаев менен Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайлардан улам биринчи инстанцияга жөнөтүлгөн болчу. Иш Биринчи Май райондук сотунда судья Айнура Сатарованын төрагалыгы алдында каралып жатат.

Мамлекеттик айыптоочу «Альфа Телеком» ЖАКнын контролдук пакетин сатуу үчүн 2010-жылы 13-майда Чотонов менен Маевский «Супара» ресторанында жолукканын айткан.

[ads-quote-center cite=’деди Асанов.’]»2010-жылы 13-майда мен Ошко тик учак менен келген Чотоновду, Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Курманкул Матеновду, ички иштер министринин мурдагы орун басары Бакыт Алымбековду жана мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду тосуп алгам. Тик учак күндүз келген, так саатын билбейм»[/ads-quote-center]