Сауд фонду Кыргызстанга 20 млн доллар насыя берүүгө даяр

Автор -

Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы “Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, келишимге ылайык, Баткен жана Талас облустарынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында 20 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя берүүгө даяр. Насыя 30 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилмекчи.

[ads-quote-center cite=’деп кошумчалады баяндамачы.’]«Эгерде долбоор ишке ашырылса, эки облустун 146 миӊ адам жашаган 135 айыл таза суу менен камсыз болот. Ал үчүн кыргыз тарап да 10 млн доллар өлчөмүндө каражат кошууга тийиш. Бул долбоор ратификацияланар замат башталып, анын  аткаруу мөөнөтү – 4,5 жыл»[/ads-quote-center]

Депутат Бакирдин Субанбеков баарыдан мурда таза суу булактарынын тазалыгын сактоо зарылдыгын билдирди. [ads-quote-center cite=’деди ал.’]«Таза суу менен камсыздоо департаменти адегенде агын суулардын айланасын тазалап, суу жээгинде эс алган адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Ошондо айыл таза суу менен камсыздалды, санитардык абал жакшырду деп айтсак болот»[/ads-quote-center]

Депутат Тариел Жоробеков ушул долбоор толугу менен ишке аша турган болсо, Талас облусунун баардык айылдары таза суу менен камсыз болор-болбосуна кызыкты.

Департаменттин директору бул долбоордун алкагында бир топ айыл таза суу менен камсыз болууга тийиш экенин белгиледи.

[ads-quote-center cite=’деди Аскарбек Токтошев.’]«Кыргызстанда таза суусу жок 654 айыл бар. Быйыл 44 айылга суу жеткирилет. 2024-жылга чейин өлкө аймагындагы баардык айылдар таза суу менен камсыз болот, анын ичинде Талас аймагы да бар»[/ads-quote-center]

Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев департаменттин директорунун мындан бир топ жыл мурун 50 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт деген убадасын эске салып, Аманбаев айылы ушул кезге чейин толук көлөмдө каржыланбай келатканын баса белгиледи.

[ads-quote-center cite=’деди ал.’]«Жогорку Кеӊештин жыйынында ушундай убада бергенсиз, ал аткарылган жок, эмне үчүн?»[/ads-quote-center]