Кундуз Жолдубаева бүгүн ИИМде сурак берет

Автор -

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева бүгүн, 16-декабрда саат 11:00дө ИИМде сурак берет. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев журналисттерге билдирди.

Жактоочунун айтымында, Жолдубаева 14-декабрда да чакырылып, баргандан кийин алты-жети саат суракка алынган эмес. Соңунда ага 16-декабрга чакыруу тапшырышкан.

Жоошев Кундуз Жолдубаева Кой-Таш окуялары боюнча күбө катары чакырылган болушу мүмкүндүгүн, бирок макамы күбөдөн шектүү катары да өзгөртүлүп калышы ыктымал экенин айтууда. Бул маалымат азырынча расмий бышыкталган да, төгүндөлгөн да жок.

Жолдубаева мурдараак ушул эле окуяларга байланыштуу милицияга бир нече жолу күбө катары сурак берип чыккан.