Бүгүн, 20-марттан тарта Ош шаарындагы коомдук транспорттор токтотулат. бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
«Көчөгө чыкпаңыздар. Алдын алуу иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.
20-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны алтыга жетти. Алгачкы үч адам тууралуу 18-мартта белгилүү болгон. Алар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары. Кийинки 3 адам Ош облусунун Ноокат районунан. Оору аныкталгандардын баары Сауд Аравиясынан умра сапарынан кайткандар. Сузакта жана Ноокатта өзгөчө кырдаал абалы киргизилди. Өлкөдө чет өлкө жарандарынын кирүүсүнө тыюу салынып, эл аралык аба каттамдарына убактылуу чектөө киргизилди. Мектептер, ЖОЖ жана бала бакчалар 8-апрелге чейин каникулга таратылды. Той-аш өткөрүүгө тыюу салынды. Коронавирус боюнча Республикалык штабдын тынымсыз байланыш номерлери бул жакта.