Ысык-Көлдө пансионаттар жана эс алуу үйлөрү карантинге жабылат

Автор -
Сүрөт: tvoytur.kg

Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөр карантинге жабылат. Мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу боюнча облустук штабдын бүгүнкү отурумунда кабыл алынды.

«Облустун аймагында коронавирустун жайылып кетүү жана жуктуруу тобокелчиликтерин азайтуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштамаларын сакташыбыз керек», — деп билдирди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев.

Ысык-Көл дубанында бардыгы 127 пансионат, 192 эс алуу үйү, 119 мейманкана, 12 эс алуу борбору, 3 реабилитациялык борбор жана 19 балдар эс алуу лагери иштейт.

Эскерте кетсек, 20-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны алтыга жетти. Алгачкы үч адам тууралуу 18-мартта белгилүү болгон. Алар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары. Кийинки 3 адам Ош облусунун Ноокат районунан. Оору аныкталгандардын баары Сауд Аравиясынан умра сапарынан кайткандар. Сузакта жана Ноокатта өзгөчө кырдаал абалы киргизилди.  Өлкөдө чет өлкө жарандарынын кирүүсүнө тыюу салынып, эл аралык аба каттамдарына убактылуу  чектөө киргизилди. Мектептер, ЖОЖ жана бала бакчалар 8-апрелге чейин каникулга таратылды. Той-аш өткөрүүгө тыюу салынды. Ош шаарында 20-марттан тарта коомдук транспорт убактылуу токтотулду. Коронавирус боюнча Республикалык штабдын тынымсыз байланыш номерлери бул жакта.