2020-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Алар Чүй облусунда бир адам, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында -1, Сузак району -1, Кара-Көл шаары -1 адам.
Бардыгы болуп республика боюнча 111 тастыкталган учур бар:
- Жалал-Абад облусунда — 54 учур (үчөө айыгып чыкты);
- Ош облусу — 37 учур (анын 8 Ош шаарында);
- Чүй облусу — 13 учур (анын 8 Бишкекте);
- Баткен облусу — 1 учур;
- Нарын облусу — 4 учур;
- Ысык-Көл облусу (Түп району) – 2 учур.
Коронавирус инфекциясы аныкталган бейтаптардын 59 — аял, 52 — эркек.
Кыргызстанда коронавирус алгачкы жолу 2020-жылдын 18-мартында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сауд Арабияга барып келген 3 жаранынан табылган. 30-мартта аталган райондун 3 тургуну коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылганы кабарланган.