Сания Шакирова кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу камакка алынды

Автор -
0

«Дүйнөнүн сулуу айымы-2018» наамынын ээси Сания Шакирова кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу эки айга камакка алынды. Бул тууралуу  Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн Бишкек шаардык №4 ооруканасынан Сания Шакирова кырсыкка кабылган унаанын айдоочусунун баш коргоо чарасы каралды. Анда, айдоочу эки айга камакка алынды. Бирок шектүүгө бүгүн операция жасалгандыктан Ысык-Көл ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына алынып кеткен жок. Андыктан ал дагы эки күндөн кийин абалына жараша алынып кетиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан «Дүйнөнүн сулуу айымы-2018» наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон.

Ысык-Көл ОИИБи тарабынан медициналык экспертизанын жыйынытыгы чыгарылып, анда айдоочу спирт ичимдигин ичкени аныкталган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү
Сания Шакирова кырсыкка кабылган унааны болочоктогу жолдошу башкарып бара жаткан | SAAT
2018-06-08 13:26:06
[…] абалына жараша алынып кетиши мүмкүнуруксатынан кийин камакка алынат», — деп кошумчалашты […]