Скрябин мөңгүсүндө жабыркаган туристтерди куткаруу учурундагы видео тарады (Видео)

Автор -
283

Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүндө болгон кырсыктын видеосу тарады. Nastya Yatsun деген YouTube колдонуучусу Скрябин мөңгүсүндө үстүнө таш кулаган туристтерди куткаруу учурунун видеосун жүктөдү.

Белгилей кетсек, 30-июлда Бишкектен 40 чакырым аралыкта жайгашкан мөңгүдөн таштар кулаганы жана кырсыкка казакстандык альпинисттер кириптер болгону кабарланган.Кырсыктан үч киши жабыркап, казакстандык турист мерт кеткен.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы саат 7.00дө тоого учуп, саат 10.03дө жабырлануучулар менен «Манас» аэропортуна конгон.

https://youtu.be/sPVEasTkATo