Депутат Бакыт Төрөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Аксы окуясын эскерүүдө сүйлөгөн сөзүнө депутаттар жооп бериши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
[ads-quote-center cite=’деп билдирди эл өкүлү.’]»Экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогороку Кеңеш жөнүндө сүйлөп, жаңы айып пулдар боюнча бизди күнөөлөдү. Ошого жооп бербейлиби. Мыйзамдардын демилгечиси ким болчу,13 млн акча алган топту ким түзгөн, ким мыйзамдарга кол койгон? Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары Алмаз Атамбаевдин демилгелерин тизмектеп бербейлиби. Конституция өзгөртүү, сот реформасы боюнча аталган чакырылыштын депутаттары колдоп берген. Мына ушундай жакшынакай иштеп бергенбиз. Бул боюнча жооп беришибиз керек. Ал «мен катамды оңдойм, өлтүрүп кетсе» деп айтып кетти. Бул нерсени кандай түшүнсө болот? Мен УКМКнын, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө экс-президенттин күзөтүн күчөтүшүн сунуштайт элем. Ар кандай провокация болуп кетиши мүмкүн. Ошого байланыштуу депуттар укмаксан болуп отурганыбыз туура эмес»[/ads-quote-center]Белгилей кетсек, 17-мартта Атамбаев парламент тууралуу сын-пикирин айткан.
[ads-quote-center cite=’деген Атамбаев.’]»Парламентти карасаң бир тобу чимкириктей. Асылбек Жээнбеков «чимкиргиле» десе чимкиришет, «тарткыла» десе тартып алышат»[/ads-quote-center]Видеону 27чи минутадан көрө аласыз.