Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы 2019-жылдын 5-июнь шаршемби күнүн Орозо Айт майрамы деп белгиледи. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Ислам шариатында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат.
Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.
Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваттары болсун) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндү толуктагыла”- деп буйруган.(Муслим, 1081).
Ошондой эле муфтияттан жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмкүн экени да айтылды.
Баса быйыл Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнгө туура келет. Кадыр түндү кантип тосуу керек экендигин шилтемеден окуй аласыз.