Курман айт майрамы 11-августта белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-август Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар улуу Курман айт майрамын 11-августта белгилешет.
Ал эми 10-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүрүшкөн мекендештерибиз бул күнү ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөндө болушмакчы.
Курман айт орозо аяктагандан кийин 70 күндөн кийин белгиленет.
Быйыл Орозо айы 4-июнда аяктады.