Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдирди.
Анын айтымына ылайык, Ниязовдун бөгөт чарасы 10-августта каралат.
Белгилей кетсек, Фарид Ниязов УКМКнын «Альфа» атайын кызматынын кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча кармалган.