Өзбекстанда жаңы мунай кени ачылды

Автор -
262

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун жаратылыш газы жана газ конденсаты бар жеринде жаңы мунай кени ачылды.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, Мубарек районунун Бахаристан шаарында мунай кени бар экени 10-августта тастыкталган. Ал жер «Бахаристан кени» деп аталды.

Бул Epsilon Development Company компаниясынын Мубарек инвестициялык блогундагы мунай жана газ конденсаттуу алгачкы кени.

Маалыматтарга караганда, жаңы кен Юра доорунан калган.