Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жеңил унаа менен поезд сүзүштү. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-октябрда саат 15:30 чамасында «Fiat Panda» үлгүсүндөгү унаа батыштан чыгышка бара жаткан поезддин алдынан чыга калган. Кырсыктан жеңил унаадагы айдоочу жана эки жүргүнчү жабыркап, алар аймактык ооруканага жеткирилген.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.