Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору каралууда. Депутат Жанар Акаев: «Мыйзам кабыл алынса коомчулукта айтылган сындардын негизинде Алмазбек Атамбаевди жоопко тартууга жол ачылабы?» — деп суроо берди?
«Бизде качып кеткен эки, качпаган эки президент бар. Азыр качып кетпегендер тууралуу сөз болуп жатат. Алардын бири Роза Исаковна кыска мөөнөттө иштеди, анын тушунда уурулук болгон жок. Эл арасында урмат-сыйга татып жүрөт. Анын көп жагынан үлгү алыш керек. Экинчиси — Алмазбек Атамбаев. Бул мыйзам кабыл алынса коомчулукта айтылып жаткан сындардын негизинде укук коргоо органдарына Атамбаевди жоопко тартууга жол ачылат деп түшүнсөк болобу?» — деди Жанар Акаев.
Демилгечилердин бири Курманкул Зулушев бүгүнкү күндө экс-президенттерде макам жок экенин айтып, кылмыш жасаганы аныкталса укук коргоо органдарына эч ким тоскоол болбой турганын билдирди.
Депутат Жанар Акаев бийликтеги мураскер деген түшүнүктөн арылуу керектигин кошумчалады.
«Мураскер деген түшүнүк жаралып «мен коюп кеткен адамым жасаган иштеримди жаап-жашырат» деп жасай беришкен. Демократия түптөлгөн өлкөдө мураскер деген түшүнүк болбошу керек. Президенттердин мураскер койсом жоопко тартылбайм дегени болбошу керек», — деди Акаев.