Ташкентте окуучулар бараткан автобус кырсыкка учурап, өртөнүп кетти

Автор -
416

Ташкент облусунун Уртачирчик районунда 29-апрель күнү түнкүсүн автобус кырсыкка учурады. Бухарадан келе жаткан автобустун ичиндеги 53 жүргүнчүнүн көбү окуучулар болгон.

Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, “Мерседес” үлгүсүндөгү автобустун бир дөңгөлөгү жарылып, анын кесепетинен оодарылып кеткен. Автобустан өрт чыккан.

Салондо 53 киши болгон. Ыкчам түрдө бардык жүргүнчү автобустан түшүүгө үлгүргөн. Курмандыктар жок. Окуя болгон жерде жабырлануучуларга медициналык көмөк көрсөтүлгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен алты адам ар кыл даражадагы жаракат алган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автобустун ичинде 37 окуучу, 3 педагог, 10 ата-эне жана 3 айдоочу болгонун кабарлады.