2022-жылы кыз-келиндер футболу боюнча Азия Кубогун өткөрүүгө ниеттенип жаткан үч өлкөнүн ичинде Өзбекстан бар. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдиришти.
Уюмдун маалыматына караганда, футбол мелдешин кабыл ала турган өлкө 2020-жылы аныкталат. Ага чейин кубокту өткөрүүгө кызыкдар экенин билдирген өлкөлөргө атайын чакыруу жөнөтүлүп, алар стадиондор боюнча сунуштарын айтышат.
Азия Кубогун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алуу 31-майда аяктаган.
Кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Азия кубогу — дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын бир бөлүгү болуп эсептелет.