Ушу тапта укук коргоо органдары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы бар-жоктугун иликтеп жатат. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов «мыйзамдагы ууру» экс-президенттин жеке тапшырмасы менен бошотулганы боюнча көрсөтмө берген. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча корутунду бере турган комиссиянын кезектеги жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.
Эске салсак, атайын комиссиянын кечээ, 17-июнда өткөн жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча чечимди өзү кабыл алганы боюнча маалымат айтылган. УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Сагынбек Самидин уулу Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иштерге катышы бардыгы жөнүндө факты өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, бирдиктүү реестрде катталганын, кылмыш иши «коррупция» беренеси менен Баш прокуратуранын кароосуна жөнөтүлгөнүн билдирген.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин убактылуу атайын комиссиясы 13-июнда «КР Президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесинде «КР ЖК Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 33-беренесине таянуу менен түзүлгөн, анын иштөө мөөнөтү – 7 күн. Комиссия курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков бар.