Самаркандда ит капкан тогуз жаштагы бала каза болду

Автор -

Өзбекстандын Самарканд облусундагы Равонак айылында бир ай мурда ит каап алган тогуз жаштагы бала каза болду.

Айыл тургундарынын айтымында, алгач ата-энеси баланын жараатына көңүл бурушкан эмес.

[ads-quote-center cite=’деди айыл жашоочусу.’]«22-июнда баланын дене табы жогорулап, кутурма белгилери менен облустук инфекциялык ооруканага жеткирилген. 3-июлда каза болуп калды»[/ads-quote-center]

Инфекциялык ооруканадан билдиришкендей, каза тапкан баланын анализдери Ташкенттеги илимий-изилдөө борборуна жөнөтүлдү.

[ads-quote-center cite=’деди оорукана дарыгери.’]«Анализдин жыйынтыктары бир жумадан кийин белгилүү болот. Ага чейин эч нерсе айта албайбыз»[/ads-quote-center]

Баланын өлүмүнөн кийин райондо кутурмага каршы үй жаныбарларын, анын ичинде иттер менен мышыктарды жапырт эмдөө иштери башталды.