Өткөн жумада Өзбекстандын Ташкент облусундагы Аккурган районунда милиция кызматкерлери базардын кире беришине дүкөн курууга каршылык билдирип чыккан соодагерлерге карата күч колдонду.
«Азаттык» радиосунун өзбек кызматы жарыялаган видеодон тартип сакчылар акцияга активдүү катышкан аялдардын колун кайрып, күчтөп унаага салууга аракет кылганын көрүүгө болот.
Күбөлөрдүн айтымында, чогулгандарды базардын кире беришиндеги соода жайынын ордуна дүкөн курулуп жатканы нааразы кылган.
[ads-quote-center cite=’деди күбө.’]«Алар базардын кире беришиндеги адамдар көп өткөн жерде соода кылышат. Жакында ал жер жеке ишкерге сатылып, ал дүкөн кура баштаган. Буга жинденген аялдар жаңы тургузула баштаган дүкөндүн дубалын уратып салышты. Чакыруу менен келген милиция кызматкерлери аялдардын биринин колун кайрып, күчтөп автоунаага салышты. Андан кийин башка аялдарды дагы кармоого аракет кылышты, бирок андагы адамдар мүмкүндүк беришкен жок. Ошол маалда соодагер аялдардын бири эс-учун жоготуп жыгылып калды. Муну көргөн милиция башчысы кызматкерлерин токтотуп, кармалган аялды сыртка чыгарды»[/ads-quote-center]Аккурган райондук акимчилигинин өкүлү учурда дүкөндүн курулушу убактылуу токтотулуп, соодагерлер мурдагы орундарында соода кылып жатканын билдирди.